Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова кызматтан алынып, анын ордуна Түмөнбай Колдошов дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ырчы Түмөнбай Колдошов Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси болчу. Жакында эле мекемеге каржылык маселе боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов 12-сентябрда өткөн кеңешмеде аталган министрликти “иш ыкмалары эскирген жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелер, идеялар жок” деп сындады. Жыйында Колдошов эмгек жамаатка тааныштырылды.
Мындан тышкары Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалганы кабарлана элек. (TSh)
Дагы караңыз
Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалдыЗулушев коррупциядан казынага 7,5 млрд. сом өндүрүлгөнүн айтты Аба ырайы: күн салкындайтЖапаров ханышанын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Британияга көңүл айтты