Аскер прокуратурасы Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн эки аскерди зордуктоого шек санап кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинеде зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылган.
Аскер прокуратурасы бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 154-берене (“Зордуктоо”) менен кылмыш ишин козгоп, 11-сентябрда Улуттук гвардиянын эки аскери У.А жана А.Тны шектүү катары камакка алды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 12-сентябрда каралат.
Буга чейин социалдык тармактарда эки бала зордуктоого айыпталып жатканы жөнүндө кабар тараган. Улуттук гвардия – Кыргызстандагы барктуу аскер бөлүгү болуп эсептелет.
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган.
5-сентябрда Баткен милициясы 14 жаштагы кыз киши колдуу болгонун кабарлады. Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышына милиция кызматкерлеринин айыпталганы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган. (TSh)
Дагы караңыз
Зулушев коррупциядан казынага 7,5 млрд. сом өндүрүлгөнүн айтты Жапаров ханышанын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Британияга көңүл айтты Депутат ИИМдин Орусиядагы өкүлүнүн отчетун талап кылдыАзербайжанда көз карандысыз журналист камакка алынды