11-сентябрда Азербайжанда көз карандысыз “Хурал” телеканалынын башкы редактору Аваз Зейналлы менен белгилүү укук коргоочу Элчин Садыгов төрт айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери кызматы жазды.
Маалыматка караганда, алар ишкер Расим Мамедовдон пара алган деп шек саналууда. Укук коргоочулар журналист менен адвокаттын камакка алынышын саясий куугунтук катары баалап жатышат.
“Башкы редактор бизнесменге сын айтылган макаланы чыгарбоо үчүн акча талап кылган. Аларга ишкердин жактоочусу Элчин Садыгов ортомчу болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Зейналлы менен Садыгов тагылган айыпты моюнга алган эмес. Экөө тең соттун чечимине макул эместигин билдиришип, аппеляциялык арыз менен кайрыла турганын билдиришкен.
Расим Мамедов – Baku Steel Company ишканасынын башчысы. Ал 2021-жылдын февралында 32 миллион долларды уурдаган деген шек менен кармалган. Мамедовдун жактоочусу бул айыптоолорду четке каккан.
Дагы караңыз
Швецияда парламенттик шайлоодо оңчул партиялар алдыга чыктыМас абалда рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталуудаРим папасы Франциск Казакстанга баратКыргызстанда качкын макамы жок 800дөй чет өлкөлүк жашайтЗеленский Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке какты