Швецияда парламенттик шайлоодо оңчул партиялар алдыга чыкты

Швециядагы шайлоо.

Швецияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, учурдагы премьер-министр Магдалена Андерссон жетектеген солчул-борборчул коалиция менен оңчул партиялардын ортосундагы ажырым анча көп эмес.

Дүйшөмбү күнкү эсепке ылайык, Риксдагда (Швециянын бир палаталуу парламенти) оңчул жана оңчул-борборчул төрт партия 175 мандат, солчул жана солчул-борборчул партиялар 174 мандат алат. Акыркы жыйынтык шаршемби же бейшемби күнү чет өлкөдө жашаган шайлоочулардын бюллетендери саналганда белгилүү болот.

Азырынча башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар партиясы алдыда келатат. Бул партия Швецияда 1917-жылдан бери шайлоодо биринчи орунду алып келет. Экинчи орунда 20% добуш менен “Швециянын демократтары” партиясы.

“Швециянын демократтары” өлкөнүн башка саясий күчтөрү менен бирге өлкөнүн НАТОго киришин колдогон. Бул саясий уюм улутчул партия деп эсептелет жана Швецияда акыркы жылдары популярдуу болууда.

Дагы караңыз

Рим папасы Франциск Казакстанга баратКыргызстанда качкын макамы жок 800дөй чет өлкөлүк жашайтЗеленский Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кактыУкраинанын чыгышынын көп бөлүгү жарыксыз калдыТажикстанда этникалык кыргыздарды окуу жайларга кабыл алуу сынагы өттү