Нарын районунун Куланак айыл аймагындагы Нарын дарыясына курула турган 100 мегаваттык чакан электр станциянын (ГЭС) курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда керектүү бардык инфраструктура даярдалып, 500 киши курулушта иштеп жатат.
Долбоорго ылайык, жылына 450 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн чакан ГЭСтин курулушу төрт жылга созулат. ГЭС бүткөндөн кийин 100 кызматкер иштейт. Курулуштун жалпы наркы 100 млн. евро деп бааланды.
Чакан ГЭСти жеке ишкер Кутубай Мурзабаев куруп жатат. “Куланак” ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488,51 гектар жер аянты берилген.
10-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ГЭСтин курулушу менен таанышты. Долбоордун жетекчилери ГЭС куруу жана аймакта сугат суу менен камсыз кылуу дагы жолго коюларын айтып беришти.
Адистер Нарын дарыясында жалпы кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин отузга жакын ГЭС курса болоорун айтып келет. Бийлик энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдиктер берилгенин айткан. (TSh)
Дагы караңыз
Эмгек кодексине аралыктан иштөө жобосу сунушталдыАкжол Махмудов: Кыргыз күрөшүнүн мектебин көрсөттүм (видео)Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрү айтылдыБалбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду