Украина Харьков облусундагы Балаклея шаары Орусиянын аскерлеринен бошотулганын билдирди. 8-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский украин жоокерлери шаарды бошотушканын жарыялаган видеосун Телеграммдагы каналына чыгарды.
“Урматтуу президент, башкы кол башчы Харьков облусунун Балаклея шаары көзөмөлгө алынды. Буйрук аткарылды. Орусиянын оккупациялык аскерлери чегинди. “Кракен” чалгындоо башкы башкармалыгынын атайын бөлүмү”, - дейт украиналык жоокер.
Видеодо Украинанын аскерлери көп кабаттуу имараттын чатырында турганын, артында Украинанын желегин көрүүгө болот. 8-сентябрда Балаклея бошотулганы тууралуу маалыматтар тарап, бирок ал расмий такталган эмес.
Бейшемби күнү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысынын орун басары Алексей Громов Харьков багытында украин жоокерлери 20дан ашык калктуу конушту Орусиянын армиясынан бошотконун билдирген.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына бир аптадан ашты. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда. Иш жүзүндө бул аймактардын көпчүлүк бөлүгүн Орусиянын армиясы ээлеп турат.
Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.
Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан ачылат"Чоң-Капка" өткөрмө бекетинин ишине убактылуу чектөө киргизилдиЖК: Миграция маселеси каралган жыйынга келбеген өкмөт өкүлдөрүнө сын айтылды АКШ Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн ирандык компанияларга каршы санкция киргиздиЛатвиянын православ чиркөөсү Москвадан бөлүндү"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын абактагы мөөнөтү узартылды