ЖК: Миграция маселеси каралган жыйынга келбеген өкмөт өкүлдөрүнө сын айтылды

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу округдардан шайланган "Элдик" депутаттар тобу жана "Альянс" парламенттик фракциясы миграция маселесин талкуулап жатат. Жыйында депутаттар Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери мигранттардын маселесине кайдыгер карайт деп сынга алышты.

Мындай нааразылыкка акыркы жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышпаганы себеп болду.

Депутат Тазабек Икрамов соңку учурда Орусияда эмгектенген мигранттарга шарттар катаалдашып, өкмөт бул маселе тийиштүү көңүл бурбай жатканын билдирди. Ал Кыргызстандын бийлиги Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүп, мигранттардын түйшүгүн азайтышы керектигин белгиледи.

Ушул эле маселени Эмил Жамгырчиев, Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо жана башкалар көтөрүп, өкмөт өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароону сунушташты.

"Миграция - бул өтө оор маселе. Бирок бүгүнкү күндө социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министр Эдил Байсалов ушул жерге келсе бир нерсе болобу. Муну кандай түшүнсө болот? Эки фракция чогулуп, жыйын өткөрүп жатканда ушул жерде отуруп эмне жасалып жатканын, кандай иштер жылып жатканын айтып берип койсо болмок. Бизге мыйзамсыз дегенди түшүндүрүп, кагаз жүзүндө маалымат берип коюуну өтүнөбүз", - деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Мындан сырткары депутаттар Миграциялык өкүлчүлүктү ачуу, ИИМдин Орусиядагы кызматкерлеринин санын көбөйтүү, мигранттардын укугун коргоо боюнча орган ачууну сунушташты.

Жыйынга чакырылган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев да келген эмес. Анын бир жума мурда пландалган Мамлекеттик катчынын жыйынына катышып жатканы айтылды. Мындан сырткары ички жана тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышууда.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен.

Мөөнөт ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда аяктаган.

Паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылып жатат. Ушул максатта чек арага барып келаткан кыргызстандыктар 21-августта Ульяновскиде жол кырсыгына кабылып, 14 жаран каза болгон. (КЕ/BkA)

Дагы караңыз

Sony Music Group орус рыногунан толугу менен кеткенин билдирдиПрезидент Жапаров Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттыУКМК баңгизаты бар оогандык жүк кармалганын билдирдиБаткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды