Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган институттун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунда, Оштун Чоң-Алай, Алай райондорунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган. (КЕ)
Дагы караңыз
АКШ Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн ирандык компанияларга каршы санкция киргиздиЛатвиянын православ чиркөөсү Москвадан бөлүндү"Next TVнын" жетекчиси Дүйшөмбиевге өкүм чыгары күтүлүүдө"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын абактагы мөөнөтү узартылды