Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасы Елизавета II дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.
“Эртең менен ханышанын ден соолугу текшерилгенден кийин дарыгерлер тынчсыздануусун билдирип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууну сунуштады”, - деп айтылат маалыматта.
Британ ханышасы Елизавета II 6-сентябрда Лиз Трассты Улуу Британиянын премьер-министри кылып дайындаган. Жолугушуу Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында өткөн.
Адатта премьер-министрлер Букингем же Виндзор сарайында дайындалат. Бирок бул жолу дарыгерлер 96 жаштагы британ ханышасына Шотландиядан кетпөөнү сунушташкан.
Быйыл ханыша Елизавета II тактыга отурганынын жетимиш жылдыгын белгиледи. Акыркы айларда ал өз милдеттерин мураскер ханзаада Чарльзга жана падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө өткөрүп берди.
Дагы караңыз
Путин келерки аптада Өзбекстанда Си Цзинпин менен жолугушатАКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Киевге барды"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын абактагы мөөнөтү узартылдыБУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдүПрезидент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө бердиАба ырайы: Ош, Чүй, Ысык-Көлдө өткүн өтөт