Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору 6-сентябрда ишке кирди. Анын алкагында өлкө боюнча китепкана жана жаштар борборлорунун базасындагы 70 мекеме онлайн режимде иштейт.
Долбоорду ишке киргизүүгө арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров санариптештирүү бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди экенин айтты.
“Долбоор калктын бардык катмарларын: биринчи кезекте жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, аялдарды, мигранттарды, ал эмес аксакалдарды да тарткандыгы өзгөчө маанилүү. Аталган борборлор билим берүү багытындагы программалардан тышкары, жергиликтүү коомчулуктардын ийгиликке жетишкен лидерлер менен жолугушууларды, аялдардын лидерлигин алдыга жылдыруусу, жаштардын дебаттарды өткөрүүсү үчүн аянтча болуп бере алат”, - деди Садыр Жапаров.
Ал мамлекет жыл аягына чейин алыскы райондордо жана айылдарда дагы бир нече борборлорду ачууну колдой турганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, түзүлүп жаткан борборлор аркылуу жарандардын электрондук сервистерди колдонуусун кеңейтүү, санариптик билим деңгээлин өстүрүү, жаштарды IT-кесибине тартуу пландалып жатат.
Акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү ишин жүргүзүп келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.
Жакында президент Садыр Жапаров 1-сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. (КЕ)