Reuters агенттиги Евробиримдик менен АКШ Украинадагы согушка карабай Орусиядан негизги өнөр жай металлдарын сатып алууну көбөйткөнүн жазды.
Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) соода боюнча статистикалык маалыматына таянып 2022-жылдын март-июнь айларында Европа Биримдиги менен Америка Кошмо Штаттарынын Орусиядан алюминий жана никель импорту 70% көбөйгөнүн билдирди. Бул убакыт ичинде Еврошаркет жана АКШ металлдарды Орусиядан дээрлик 2 миллиард долларга сатып алышкан.
Reuters агентиги жазгандай, Орусиядан металл импортунун көбөйүшү Кремлдин согушка болгон кирешесин азайтуу үчүн орус экономикасына басым жасоо аракетине карабай, Батыш өлкөлөрү кыйынчылыкка туш болуп жатканынан кабар берет.
Батыш Орусиянын бир катар товарларына санкцияларды киргизген, бирок ал өнөр жай жана металлургия тармагына дээрлик таасирин тийгизген жок. Аккумулятор өндүрүү үчүн жарактуу никелдин дүйнөдөгү өндүрүшүнүн 10% жакыны Орусияга туура келет.
Биримдик Орусия Украинага согуш ачкандан кийин төрт айдын ичинде Орусиядан алюминийди 13% жана никелди 22% көп сатып алды. АКШ Орусиядан алган алюминийдин импортун 21%, никелдикин 70% көбөйттү.
Дагы караңыз
Депутаттар курултайдын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүштү Балаклея шаарында орусиялык аскерлер курчоодо калганы кабарландыУкук коргоочулар аялдар үчүн "коопсуздук баскычын" ишке киргизүүнү сунуштадыПутин Украинанын дан экспортунун маршрутун өзгөртүүнү кыйыттыӨспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралдыПедофилдерге өлүм жазасы тууралуу сунуш парламентте талаш жаратты (видео)Улуу Британияда жаңы министрлер кабинети түзүлдү