Нарын: активисттер өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу митинг өткөрүштү

Нарын шаарынын борбордук аянтындагы митинг. 7-сентябрь, 2022-жыл.

Баткендеги өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу тынч митинг бүгүн, 7-сентябрда Нарын шаарында болду. Жарандык активист Элмира Ниязбекова баштаган топ, калаанын борбордук аянтында “мен коопсуз өлкөдө жашагым келет”, “балдар - биздин келечегибиз, аял үйдүн куту” деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Алар көчөдөн өтүп бара жаткан тургундарга кайрылып, кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошту.

“Бир сааттын ичинде 100гө жакын киши келип, бизге тилектештигин билдиришти. Бул өнөктүк дагы эки күнгө созулат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алабыз. Аны жогорку бийлик бутактарынын башчыларына жолдойбуз”, - деди Ниязбекова.

4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын колу аркасын байланып, моюнунан жип менен муунтулган абалда табылган.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган.

7-сентябрда райондук сот кылмышка шектелип кармалган үч жарандын бөгөт чарасын карап, эки айга (5-ноябрга чейин) камакта калтыруу чечимин кабыл алды. (MiK)

Дагы караңыз

Депутаттар курултайдын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүштү Балаклея шаарында орусиялык аскерлер курчоодо калганы кабарландыУкук коргоочулар аялдар үчүн "коопсуздук баскычын" ишке киргизүүнү сунуштадыПутин Украинанын дан экспортунун маршрутун өзгөртүүнү кыйыттыӨспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралды