Кабулдагы жардырууга “ИМ” террордук тобу жоопкерчилик алды

Орусиянын Кабулдагы элчилиги.

Reuters агенттиги Ооганстандын борбору Кабулда Орусиянын элчилигинин алдындагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук тобу өзүнө алганын жазды. Кол салууна жанкечти ишке ашырган. Андан элчиликтин эки кызматкери каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алды.

Бул окуядан кийин Орусиянын Кабулдагы элчилигинде коопсуздук күчөтүлүп, орус тарап күнөөлүүлөрдүн тез арада жоопкерчиликке тартылышын талап кылды.

5-сентябрда орусиялык дипломат виза тапшыргандардын тизмеси боюнча чогулган элдин алдына чыкканда жардыруу болгон. Элчиликти кайтарган ооган куралдуу күзөтчүлөрү кол салган адамга ок чыгарган.

Орусия дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле “Талибан” кыймылынын өкмөтүн иш жүзүндө тааныбайт, бирок Кабулдагы дипломатиялык миссиясы ишин улантууда. Москва “Талибан” өкмөтүнүн алгачкы дипломатын аккредитациядан өткөргөнү март айында ачыкка чыккан.

Дагы караңыз

Тажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылдыДин тарыхы мугалимдерин ишке алуу тартиби жөнүндө маалымат берилдиПрезидент Жапаров Кадамжайдагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча үн катты“Газпром”: жабдыктар оңдолмоюнча “Түндүк агым” аркылуу газ берилбейтКадамжайда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалдыБайден Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таанууга каршы болду