ЖК: тармактык комитет министр кызматына Баатырованын талапкерлигин жактырды

Гүлнара Баатырова.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 5-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын талапкерлигин саламаттык сактоо министри кызматына жактырды. Эми анын талапкерлиги 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып 23-августта дайындаган.

59 жаштагы Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Өмүр баянында 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон.

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрайымы болуп турган. Соңку жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) да болгон. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан.

Бейшеналиев 2-июнда "коррупцияга" айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1,5 миллиарддан ашык сомго вакцина сатылып алынганынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген.

Мунун натыйжасында Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тиреши жаралып, президент Садыр Жапаров бул жагдайды иликтөө үчүн коммиссия түзгөн. Кийинчерээк мамлекет башчы маектеринин биринде "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан.

Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаган.

Ал “Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Мыйзамсыз курулуштарга айыпталган Асаналиев 23-октябрга чейин камалды Бишкек: мыйзамсыз курулушка байланыштуу эки адам кармалды Бишкек шаарынын курултайы 10-октябрда өтөт Салливандын АКШнын Орусиядагы элчиси кызматы аяктады Германия кымбатчылыкка каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлөт