Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

Мыйзамсыз курулуштарга айыпталган Асаналиев 23-октябрга чейин камалды


Жыргалбек Асаналиев.
Жыргалбек Асаналиев.

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 5-сентябрда"Бишкекгенплан" долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси Жыргалбек Асаналиевдин бөгөт чарасын карап, аны 23-октябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Мунун алдында башкы көзөмөлдөөчү орган Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы жана азыркы эки кызматкер кармалганын билдирген. Анда мэриянын алдындагы "Бишкекгенплан" долбоорлоо институтунун мурдагы жетекчиси менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы коррупцияга шек саналып жатканы айтылган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр “өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгын көздөп, кайсы бир тараптардын пайдасына көп кабаттуу үйлөрдү өз алдынча курууга жол ачкан коррупциялык схема түзгөн”.

“Кармалгандардын үйүн тинтүү маалында Асаналиевдин үйүнөн бир канча курал ок-дарысы менен табылды. Ошондой эле анын мыйзамсыз аракеттерин ырастаган документтер алынды",-деп айтылат маалыматта.

Жыргалбек Асаналиев ушул жылдын июль айында кызматтан алынган. Шаардык мэрия тараткан маалыматта аны иштен кетирүүгө “өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынындагы сыны себеп болгону” жазылган.

10-июлда болгон жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жаңы дайындалган башчысы Нуртазин Жетибаев Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев менен “Бишкекгенплан” ишканасынын жетекчиси Жыргалбек Асаналиевди шаар курууда бир топ мыйзам бузууларга жол берген деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG