Бишкек шаарынын курултайында элдик курултайга барчу делегаттар тандалат жана шаар мэри 2022-жылдын биринчи жарымында жасалган иштер тууралуу отчет берет. Буга байланыштуу шаардык кеңеш токтомдун долбоорун даярдады.
Элдик курултайга Бишкектен 500 делегат катышат.
Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу жарлыкка кол койгон жана жол-жобосу бекиген.
Ал Фейсбуктагы баракчасына "курултайда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жазган жана бийлик делегат тандоого кийлишипейт", деп билдирген.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.
Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.
Дагы караңыз
Салливандын АКШнын Орусиядагы элчиси кызматы аяктады Бишкек: мыйзамсыз курулушка байланыштуу эки адам кармалды Германия кымбатчылыкка каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлөтОрусияда эмгек келишимин, миграциялык каттоону талап кылган эреже күчүнө кирдиЗеленский быйыл Европада кыш оор болорун эскертти