Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-сентябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Сотто жактоочулардын Жекшеналиевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө өтүнүчү дагы четке кагылды.
Сот жараянында Ырыс Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин дагы бир жолу кайталады.
Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.
Президент Садыр Жапаров анын алдында аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган. (TSh)
Дагы караңыз
"Кыргызалтындын" жетекчилиги алмашты Жогорку соттун судьяларына жүрүм-турум эрежелери окутулуудаАргентинанын вице-президентине кол салуу болду