Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Аргентинанын вице-президентине кол салуу болду


Кристина Фернандес де Киршнер. Архивдик сүрөт.
Кристина Фернандес де Киршнер. Архивдик сүрөт.

1-сентябрдын кечинде Аргентинанын вице-президенти Кристина Фернандес де Киршнерге кол салуу болду. Ал үйүнүн алдына чогулган эл менен учурашып жатканда, белгисиз адам аны башка атууга аракет кылган. Бирок тапанча атылбай калган.

Кол салуу видеого тартылып калган. Тасмада көрүнүп тургандай, шектүү кишилерди түртүп өтүп, тапанчаны Фернандестин бетине такап атканда ал иштебей калган. Вице-президент жабыркаган эмес.

Аргентинанын президенти билдирүү кылып тапанчада беш ок болгонун, бирок ал кандайдыр бир себептерден улам атылбай калганын билдирди. Ал орун басарына кол салуу аракетин 1983-жылы аскердик диктатурадан соң “демократияны калыбына келтиргенден берки эң олуттуу окуя” деп атады.

Кол салган адам окуя болгон жерден кармалган. Ал 35 жаштагы Бразилиянын жараны экени аныкталды.

Башкы прокуратура коррупция ишине байланыштуу Кристина Фернандести 12 жылга кесүүнү сурагандан кийин анын тарапташтары өткөн аптадан бери үйүнүн алдына чогулуп жатышат. Вице-президент ага коюлуп жаткан айыпты четке кагууда.

Кристина Фернандес де Киршнер 2007-2015-жылдары Аргентинанын президенти болгон.

XS
SM
MD
LG