"Кыргызалтындын" жетекчилиги алмашты  

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов жана анын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев, Данияр Конокбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Азырынча алардын кызматтан кеткенинин себеби айтыла элек.

«Кыргызалтындын» жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал буга чейин «Кыргыз көмүр», «Кыргызалтын» ишканаларында иштеп кеткен. Мекеменин басма сөз кызматы жетекчилигинин алмашканы жөнүндө маалыматты тактап жатканын билдирди.

Жарасул Абдураимов мамлекеттик ишканага быйыл апрель айында жетекчи болуп дайындалган. “Кыргызалтын” - өлкөдөгү бир нече ири кендерде үлүшү бар мамлекеттик компания. (TSh)

Дагы караңыз

Жогорку соттун судьяларына жүрүм-турум эрежелери окутулуудаМосквада бадахшандык дагы бир активист кармалдыЗапорожье АЭСинин жанында атышуу болуп жатканы кабарландыПакистанда суу ташкынынан улам азык-түлүк тартыш болууда