Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Москвада бадахшандык дагы бир активист кармалды


Мамадбек Атобеков.
Мамадбек Атобеков.

Москвада 1-сентябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районунун тургуну, жарандык активист Мамадбек Атобеков кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Атобековду кармоого милиция кызматкерлери менен бирге Тажикстандын укук коргоо органдарынын эки өкүлү келген. Аны каякка алып кетишкени белгисиз, жакындары Тажикстанга өткөрүп бериши мүмкүн деп кооптонушууда.

Тажикстан менен Орусиянын бийлиги Мамадбек Атобековдун кармалышы боюнча комментарий бере элек. Анын жакындары Атобеков менен кошо Бадахшандык Мансур Дилдорбеков да кармалып, бир нече сааттан кийин бошотулганын айтышты.

Эки апта мурун Москвада Тоолуу Бадахшандык дагы бир жарандык активист жана блогер Максуд Гаёсов кармалган.

Бадахшандагы маалыматтарды жарыялаган Pamir Daily News порталы акыркы жарым жылда Тоолуу Бадахшандын 20 чакты тургуну Москвада уурдалып, Тажикстанга алынып келингенин жазды. Тажикстандын бийлиги алардын баары өз каалоосу менен мекенине кайтып келишкенин билдирүүдө.

Бадахшандагы 2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айларындагы окуялардан кийин Тажикстандын бийлиги бул аймакта ондогон жарандык активисттерди жана нааразылык акцияларынын катышуучуларын камакка алган.

XS
SM
MD
LG