Жогорку соттун судьяларына жүрүм-турум эрежелери окутулууда

Жогорку соттун судьядары.

Жогорку соттун судьялары Ысык-Көл облусунда cот этикасы жана судьялык этикет боюнча окуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев семинардын максаты соттук этикеттин эрежелери, сот өндүрүшүндөгү судьялардын жүрүм-турумун талдоо экенин билдирди.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судья тартылган видео көрсөтүп, соттордун жүрүм-турумун сындаган.

Өткөн айда жүрүм-турумуна байланыштуу Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражанова жана Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Ниматилла Каримбеков иштен алынган. (TSh)

Дагы караңыз

Ташиев Эл баатыры наамынын берилиши күтүүсүз болгонун айтты Москвада бадахшандык дагы бир активист кармалдыЫрыс Жекшеналиевдин иши: шаардык сотто бөгөт чарасын өзгөртүү каралат Запорожье АЭСинин жанында атышуу болуп жатканы кабарланды