Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекет 2-августта убактылуу жабыларын билдирди. Анда мындай тоскоолдук тышкы миграциянын эсебин алуу бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу экени айтылат.
Ага ылайык, шейшембиде "Ак-Тилек Автожол" 11.00-13.00, "Кең-Булуң Автожол" 14-16.00, ал эми "Токмок Автожол" өткөрмө бекети 17.00-21.00 убакыт аралыгында жабык болот.
Чек ара кызматы жолоочуларды, айдоочуларды сапарларын кыска мөөнөткө жабылган жагдайды эске алуу менен уюштурууну өтүндү.
Дагы караңыз
Жапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү Соңку сегиз айда 100 миллиардга жакын сом салык чогулду Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек МАГАТЭ: эксперттер Запорожье АЭСинде 3-сентябрга чейин болот Студенттик долбоорлор үчүн ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлор ачылды