Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Студенттик долбоорлор үчүн ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлор ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынин билдиришинче, креативдүү экономиканы, ишкерликти колдоо жана жаштардын стартап долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн 20дан ашык жогорку жайда бизнес-иникубаторлор ачылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-сентябрда бизнес-инкубаторлорлордун видеожыйын форматындагы ачылышына катышты.

“Бүгүн биз жаштар арасындагы ишкерликти колдоого багытталган долбоорду баштоодобуз. Эми студенттер ар түрдүү тармактарда стартаптарды түзүүгө жана алдыңкы идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат. Улуттук экономиканын өнүгүшүнө реалдуу таасир этиши үчүн өлкөбүздө жыл сайын он миңдеген стартаптар өнүгүп, рынокто бизнес-идеялардын ачык атаандаштыгы болушу керек”, -Жапаров.

Ал ошондой эле мындай стартап-долбоорлордун сынактарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, каржылык колдоо көрсөтүүгө байланыштуу жобо кабыл алынганын белгиледи.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Мыйзамды Жогорку Кеңеш июнь айынын аягында кабыл алган. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган.

XS
SM
MD
LG