Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, жыл башынан берки сегиз айда чогулган салык 100 миллиарддай сом болду жана берилген план дээрлик 1,5 миллиард сомго ашык аткарылды.
Мекеме тараткан маалыматта, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 миллиард 829,4 миллион сомго көп жыйналганы тактап айтканда, өсүү ыргагы 151,2 % түзгөнү айтылат.
Салык кызматы "СМАРТ салым" санарип долбоорун иштете баштаган. Ошондой эле электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машиналар системасын ишке киргизген. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы колдонулууда.
Өлкөдө ар кандай эсептөөлөр боюнча көмүскө экономика 40% түзөрү айтылып келет.
Президент Садыр Жапаров 14-июлдагы жыйын маалында 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол менен 155 млрд. сом салык топтолору болжолдонуп жатканын айткан.
Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү төгөт.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров буга чейин сыйлык тапшырууну сындаган себебин айтты Жапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек МАГАТЭ: эксперттер Запорожье АЭСинде 3-сентябрга чейин болот Студенттик долбоорлор үчүн ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлор ачылды