БШКга дипломдору жасалма делген депутаттар жөнүндө материалдар келе элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды жөнөтө электигин "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, аталган мекемеге апрель айында эле кат жөнөтүлгөнү менен эмгиче жооп алына элек.

Ушул жылдын апрель айында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген. Боршайком атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлаган.

Билим берүү министрлиги материалдар эмнеге жөнөтүлө электиги тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Дипломдору жасалма деп шек саналып жаткан депутаттар дипломдору жасалма экенин төгүндөгөн.

Өткөн айда Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы экс-депутат Рыскелди Момбековдун дипломун жараксыз деп тапкан. Саясатчы эки диплому бар экенин айтып келет. Анын өкүлү 2020-жылы октябрь айындагы башаламандык учурунда анын парламенттеги иш бөлмөсүнөн дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан.

БШК жыл башында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Атайын кызмат ушул жылдын январь айынын соңунда мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун текшере баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын билдирген. Анда тизмеде жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын арасында министрлер, алардын орун басарлары, президенттин облустагы өкүлү, шаар мэрлери, депутаттар, судьялар баштаган бир катар кызмат бар экени айтылганы менен дээрлик көбүнүн аты-жөнү ачык жарыяланган эмес.

Дагы караңыз

МАГАТЭ: эксперттер Запорожье АЭСинде 3-сентябрга чейин болот Студенттик долбоорлор үчүн ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлор ачылды Эгемендик күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камалды ЖК: Орусиядагы кыргыз мигранттарын каттоо маселеси сөз болду (видео)