Би-Би-Си: Орусия согушта 900дөн ашык элиталык аскер адистерин жоготту

Украинадагы согушта каза болгон орусиялык жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы согушта алты айдын ичинде Орусия 900дөн ашык элиталык аскер адистерин – Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) кызматкерлерин, деңиз аскерлерин, десантчыларын, учкучтарын жоготту. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жазып, Орусия аларды окутуу үчүн узак жылдарды, миллиондогон доллар коротконун билдирди.

Би-Би-Си, Mediazona сайты жана ыктыярчылар тобу Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин тизмесин талдап чыгышкан. Алар ачык маалыматтардан ГРУнун атайын күчтөрүнүн 151 аскери жана Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматынын (Росгвардия) 245 кызматкери каза болгонун тактаган. Алардын дээрлик төрттөн бири же 22% офицерлер.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужний 22-августта Орусия кол салган алты айдан бери дээрлик 9 миңге жакын украин жоокери каза болгонун жарыялаган.

Москва аскерлердин өлүмү тууралуу маалыматтарды мамлекеттик сыр катары карап жоготуулар тууралуу маалыматтарды дээрлик жаңылабай жатат. Орус тарап соңку ирет 25-мартта 1351 жоокери өлгөнүн билдирген.

Украинанын расмийлери Орусиянын аскердик жоготуусун 45 миң 500 деп баалап жатат. АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) июль айынын аягына карата Орусия согушта 15 миң аскеринен айрылып, 45 миң жоокери жараат алганын кабарлаган.

Согуш болуп жаткан маалда жоготуулар тууралуу көз карандысыз булактардан маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

УКМК санариптештирүүдө акча кымырылганын билдирдиДСУ: Пакистанда сел 900гө жакын ооруканага зыян алып келдиБаткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларынын иши сотко өттүТокаев: Январь окуясында кармалгандардын айрымдарына мунапыс берилетЖогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү БУУ Кытайдын Шинжаңдагы аракетин адамзатка каршы кылмышка теңедиЖапаров Горбачевдун каза болгонуна байланыштуу Путинге көңүл айтты