ДСУ: Пакистанда сел 900гө жакын ооруканага зыян алып келди

Пакистандагы селдин кесепети.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Пакистандагы адам курмандыктарына алып келген суу ташкындарынан кеминде 888 медициналык мекемеге зыян келтирилгенин кабарлады.

Уюм кырсыктан кийин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына келтирилген олуттуу чыгымга тынчсыздануусун билдирип, мындай учурда бейтаптарды тейлөө аксап, оорулардын жайылышы күчөй турганын кошумчалады.

Пакистандын түндүк тоолорундагы жааган жаандын жана мөңгүлөрдүн эришинен улам сел жүрүп, акыркы апталарда 1191 адам, анын ичинде 399 бала каза тапты. Өлкөнүн саламаттык сактоо адистери селден жапа чеккен аймактарда жугуштуу оорулардын жана башка оорулардын чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Алардын болжол, жакынкы бир нече жумада 5 миллионго жакын адам диарея, холера жана гастроэнтерит менен ооруп калышы мүмкүн.

Өкмөттүн маалыматында, сел 33 миллиондон ашык адамдын же 220 миллион калктын 15% турак жайына зыян келтирди. Суу ишканалардын имараттарын, жолдорду жана эгин талааларын жууп кетти.

Айрым маалыматтар боюнча, өлкөнүн үчтөн бир бөлүгү суу алдында калды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 6,4 миллиондон көп адам гуманитардык жардамга өтө муктаж экенин билдирди.

Дагы караңыз

Токаев: Январь окуясында кармалгандардын айрымдарына мунапыс берилетЖогорку Кеңеште 19 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлдү БУУ Кытайдын Шинжаңдагы аракетин адамзатка каршы кылмышка теңедиЭгемендик күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды Садыр Жапаров: Кумтөрдү алуу оңой-олтоң болгон жок Украина: орус аскерлери эки багытта каршы чабуулга өтүүгө аракет кылды