Украина орус армиясынын аскердик кампаларына сокку урду

Украинанын Куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын аскердик кампаларына, абадан коргонуу жана командалык пункттарына бир катар соккуларды урду. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы Украинанын Түштүк аймактагы оперативдүү командачылыгына шилтеме берип жазды.

“Биздин ракеталык жана артиллериялык бөлүкчөлөр эки командалык пунктка, эки ок-дары кампаларына, абадан коргонуу системаларына, радар станциясына жана душмандын артиллериясы топтолгон аймактарга чабуул жасашты”, - деп айтылат маалыматта.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүк фронтто контрчабуул баштаганына эки күн болду. Алар алгач Херсон облусундагы көпүрөлөрдү талкалап, Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус аскерлерин арт жактагы күчтөрү менен байланышсыз калтырды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да түштүк облустарда оккупациялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу үчүн контрчабуул башталганын билдирген.

Орусия 24-февралда кол салгандан кийин Украинанын түштүк облустарынын бир топ бөлүгүн басып алган. Анын ичинде Херсон облусунун да көпчүлүк аймагын ээлеген.

Дагы караңыз

Көк бөрү: президенттин кубогун “Алай” командасы утту МАГАТЭнин миссиясы Запорожье АЭСине бардыЭгемендик майрамы менен катар Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси өттү Жейми Флай Тажикстандын президентине нааразылык кат жолдодуЕБдеги беш өлкө орусиялык туристтерди коомдук коопсуздукка коркунуч деп атадыНавальный кайрадан абактын айып изоляторуна киргизилдиОкуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынат