Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Навальный кайрадан абактын айып изоляторуна киргизилди


Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.
Алексей Навальный. Архивдик сүрөт.

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный кайрадан күчөтүлгөн тартиптеги колониянын айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу маалымат саясатчынын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланды.

“Жекшемби күнү кечинде чыгарып, дүйшөмбүдө кайра киргизип коюшту. Алар мен бул жерден мындан ары да чыкпай турганымды жашырышкан жок. Бирок эмнеге мени айып изоляторуна киргизип жатышканын билип алдым. Камактагы киши үчүн мен саясий жактан өтө эле активдүү экенмин. Аларды мен түзгөн камактагылардын кесиптик кошууну кыжырдантып жатат”, – деп жазылган 30-августта жарыяланган билдирүүдө.

Алексей Навальный алгач 15-августта айып изоляторуна киргизилген. Анда ага “формасынын үстүңкү топчуларын топчулабай койгону үчүн” деп жаза берилгени айтылган. Бирок ал түрмөдө отургандардын жана абак кызматкерлеринин кесиптик кошуунун түзгөнү үчүн ушундай чара колдонулуп жатканын билдирген.

24-августта Алексей Навальный күзөтчүнүн бир канча жолу “колуңду артка кыл” деген буйругун дароо аткарбай койгону үчүн беш суткага айып изоляторуна киргизилгени белгилүү болгон.

Алексей Навальный ушул тапта Владимир облусундагы Мелехово шаарчасында күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат. Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи ишине байланыштуу тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды “Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон” деп тапкан. Мындан сырткары ага “мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен” деген кине тагылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше” ишине байланыштуу “шарттуу жазанын эрежелерин бузду” деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө “экстремизмге” байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG