МАГАТЭнин миссиясы Запорожье АЭСине барды

МАГАТЭнин эксперттер тобу.

Украинанын “Энергоатом” компаниясы Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барганын билдирди.

МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта АЭСке жол тарткан. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси коопсуздук үчүн Орусиядан да, Украинадан да кепилдик алганын жана алар АЭСте бир нече күн болорун билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча станциядагы абал тууралуу маалымат берилет.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат.

Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

Дагы караңыз

Түркияда Кыргызстандын Эгемендик күнү белгиленди Жейми Флай Тажикстандын президентине нааразылык кат жолдодуАба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтЕБдеги беш өлкө орусиялык туристтерди коомдук коопсуздукка коркунуч деп атадыНавальный кайрадан абактын айып изоляторуна киргизилдиОкуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынат"Газпром" ишканасы "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү үч күнгө токтоттуЖалал-Абадда 97 мектептин директору тандала элек