Подольск шаарында машина коюп кеткен кыргызстандык кыз оор абалда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Подольск шаарында машина сүзүп кеткен кыргызстандык кыз тууралуу маалымат берди. Анда Ж.к.А аттуу жаран учурда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы, абалы оор экени айтылат.

"Бул окуяга байланыштуу Орусиянын тиешелүү органдары текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Анын абалы турукташканда башка медициналык жайга которуу маселеси каралат. Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө. Дипломаттар жараат алган жарандын жакын туугандары жана алардын өкүлдөрү менен такай байланышта болуп жатат",- деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Подольск шаарында машина коюп кеткен кыргызстандык кыз эс-учуна келбей ооруканада жатканы, жардамга муктаж экени тууралуу маалыматтар чыккан.

21-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйылган.

Дагы караңыз

ИИМ: милиция башчыны сындаган кызматкер аялын урганы үчүн иштен алынганЕврошаркетке мүчө өлкөлөр украин аскерлерин чогуу даярдоону макулдашты Кыргызстандын эгемендигине 31 жыл толдуПрезидент чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты Садыр Жапаров: Кумтөрдү алуу оңой-олтоң болгон жок