Кыргызстандын эгемендигине 31 жыл толду

Буга чейин негизги майрамдык иш-чаралар Бишкекте, борбордук аянтта өткөрүлүп келген.

Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда Эгемендик күнү белгиленет. Негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолот. Анын алкагында маданий иш-чаралар, "Ынтымак" фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Майрам Улуттук телеканал баштаган жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда түз көрсөтүлөт.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Дагы караңыз

Президент чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады Садыр Жапаров: тарыхтын эчен сыноолоруна кабылдык 31 жыл мурда кыргызстандыктар Эгемендикти кандай тоскон?