Асанбай паркын ижарага берүүгө байланыштуу нааразылык чыкты

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Асанбай паркын узак мөөнөткө ижарага берүүгө байланыштуу аталган райондун айрым тургундары нааразылык акцияга чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов аталган паркты үч миллион долларлык инвестиция салып, 25 жылдык мөөнөткө ижарага алганы жаткан компания кантип тандалганы ачык-айкын эместигин билдирип, митингге чыккандарды колдой турганын айтты.

Депутат Фейсбуктагы баракчасына "мен тургундардын айткандарына макулмун, инвесторлорду тандоо комиссиясынын ишине катышууга даярмын. Эгер аткаминерлер кайсы бир ишти жең ичинен чечкиси келип жатса мен алардын бетин ачканга даярмын",-деп жазды.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы азырынча комментарий бере элек.

Мэрия аталган паркты оңдоп, жакшыртуу максатында инвестор изделип жатканын июль айынын аягында билдирген жана сынак жарыялаган.

Асанбай паркынын аянты төрт гектардан ашат.

Бишкек шаарында жалпысынан 11 парк бар, алардын бир нечеси соңку жылдары ачылган.

Дагы караңыз

Өкмөт чет элдиктерге "санарип көчмөн" макамын берүү жобосун бекитти Ленин чокусунда эки альпинист каза болдуЛитва Беларус менен чек арасына бийик дубал куруп бүттү Иракта имам ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратына кайра чабуул койдуТүркия Босфор кысыгынан өтүү акысын беш эсе кымбаттатты