Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:08

Өкмөт чет элдиктерге "санарип көчмөн" макамын берүү жобосун бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" ("Digital nomad") макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекитти.

Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришинче, мындай макам алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.

Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан.

Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG