Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин эксперттер тобу Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын көргөнү (АЭС) жөнөп кетти. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Твиттердеги баракчасында кабарлады.
Гросси билдирүүсүнө өзүнүн жана 13 адистен турган адистердин сүрөтүн кошо тиркеди. Алар ушул аптанын аягына чейин станцияга жетет деп кошумчаланды.
МАГАТЭнин сайтында агенттиктин миссиясы Запорожье АЭСинин объектилерине келтирилген зыянды баалап, негизги жана резервдик коопсуздук системалары иштеп-иштебей жатканын аныктайт. Ошондой эле кызматкерлердин жумуштук шартын текшерип, атомдук электр станциясынын коопсуздугу боюнча чукул чараларды кабыл алат.
Мунун алдында The New York Times басылмасы топтун курамын изилдеп, негизинен "бейтарап позициядагы" өлкөлөрдөн келген эксперттерден турарын жазган. Ошол эле маалда Украина жакын туткан Польша менен Литвадан, Орусия жакын туткан Сербия менен Кытайдан да адистер кошулган. Бул топко Кошмо Штаттары менен Британиянын өкүлдөрү кирген эмес.
Ишембиде БУУнун Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди аткарууга арналган жыйыны майнапсыз аяктаган. Анда иш-чаранын соңундагы документтин долбоорунда Орусия Украинанын Запорожье АЭсин басып алганын сындаган, өзөктүк кырсык коркунучу жаралып турганы айтылган бүтүмдөрдөн улам орус тарап ага кол коюудан баш тарткан.
Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды. МАГАТЭнин адистери станцияда коопсуздук эрежелери бузулуп жатканын эскертип, аны текшерүү үчүн атайын топ жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.
26-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский АЭСтеги соңку кырдаалдан улам Орусия Украинаны жана Европа өлкөлөрү радиациялык апаатка кептелгенин айтты. Орусияны АЭСтен аскерлерин тезирээк чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырды. (ErN)
Дагы караңыз
ФСБ Дугинанын өлүмүнө шектүү экинчи адамды атады"Эгемендиктин баркына жетүүнү эскерткен коркунучтар көп"Сот Равшан Жээнбековго өлкөдөн чыгып келүүгө уруксат берген жок Баткен: соңку эки күндө эки миллион сомдук контрабанда кармалды БДК Садыр Жапаровдун Кумтөр тууралуу билдирүүсүн сындады