Түркия Грекияны учактарына чабуул жасады деп айыптады

Грекия менен Түркиянын картасы. Түркиянын жанында жайгашкан гректердин Родос аралы кызыл чекит менен белгиленип турат.

Түркия НАТО уюмунун башка бир мүчөсү, коңшусу Грекияны Жер Ортолук деңизиндеги эл аралык аба мейкиндигинде түрк учактарына абадан коргонуу системалары менен чабуул жасады деп айыптады.

Түркиянын Коргоо министрлиги 28-августта кабарлагандай, инцидент 23-августта болгон. Грекия Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан С-300 ракеталык комплекстери менен Түркиянын F-16 аскердик учактарынын сигналын бөгөттөгөн. Учактар Грекиянын Родос аралынан анча алыс эмес аралыкта учкан.

Түрк аткаминерлеринин түшүндүрмөсүндө айтылгандай, НАТОнун согуштук аракеттерди жүргүзүү эрежелерине ылайык радардын сигналдарын тартып алуу душмандык акт болуп саналат.

Грекиянын Коргоо министрлиги бул боюнча расмий комментарий бере элек. Гректердин Ert мамлекеттик телеканалы министрликтеги атын атабаган булагына таянып билдиргендей, алар бул айыптоолорду толук төгүнгө чыгарууда.

Анкара акыркы мезгилдери Грекия учактарын Жер Ортолук деңизине жана Эгей деңизине жыйнап жатат деп айыптап келет. Түрк бийлиги Эгейдеги аралдарга аскерлерди жайгаштырууну Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардагы келишимдерге каршы келет деп эсептейт. Өз кезегинде Грекия Түркияны грек аралдарынын үстүнөн учуп жатат деп күнөөлөйт.

Эки өлкө тең НАТОнун мүчөлөрү экенине карабай, коңшулардын ортосунда мурдатан келаткан деңиз жана аба мейкиндиктери боюнча талаштар бар. Кез-кезде бул маселелерге байланыштуу куралдуу жаңжалдар да орун алып келген. (ErN)

Дагы караңыз

Бир топ тыныгуудан кийин АКШнын кемелери Тайван кысыгынан өттүЗапорожье АЭСи: Украина радиацияга каршы дары тарата баштадыЛивияда бийлик үчүн күрөшкөн топтордун кагылышуусунан 23 адам каза болдуКурсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду