Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Бир топ тыныгуудан кийин АКШнын кемелери Тайван кысыгынан өттү


Тайван кысыгындагы Кошмо Штаттардын аскердик кемелери.
Тайван кысыгындагы Кошмо Штаттардын аскердик кемелери.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси арал мамлекетке келип кеткенден бери америкалык эки кеме Тайван кысыгы аркылуу өттү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Кошмо Штаттардын өкүлдөрү крейсерлер кайсы бир мамлекеттин жээктерине жолобогон шартта эл аралык зонаны кесип өткөнүн маалымдады. Вашингтон “крейсерлерди каттамы АКШнын Инди-Тынч океанындагы ачыктык принцибине ыктаганын көрсөтөрүн” билдирди.

Тайвандын Коргоо министрлиги кемелер түштүк тарапка кетишкенин жана алардын куралдуу күчтөрү транспорттук кыймыл эч бир окуясыз өтүп кетүүсүн күзөтүп турушканын кабарлады.

Кытайдын армиясынын өкүлдөрү алардын аскерлери жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин жана кандай гана чагым болбосун алдын алууга даяр экенин жарыялады.

Мурдараак АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери Кытайдын нааразылыгына карабай Тайван кысыгы аркылуу тынымсыз өтүп турчу. Бээжин америкалык кемелер Кытайдын чек арасын бузуп жатат деп эсептейт.

АКШ Тайван менен расмий дипломатиялык мамиле түзгөн эмес, бирок аралдын өзүн-өзү коргоосуна түрдүү багытта каражат берип турууга даяр.

Пелоси 2-августта АКШнын делегациясын баштап Тайванга келген. 3-августта ал анда Тайвандын президенти Цай Инвэнь жана өлкөнүн парламент депутаттары менен жолуккан. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Бул сапарга байланыштуу Кытай Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салды.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG