Ливияда бийлик үчүн күрөшүп жаткан топтордун ортосундагы айыгышкан кагылышууда 26-августтан бери 23 адам каза болду, ондогон адамдар жараат алды. AFP агенттиги маалымдагандай, борбор калаа Триполиде кеминде алты оорукана талкаланды.
Май айында бул өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Эл аралык коомчулук тааныган өткөөл өкмөттүн башчысы Абдел Хамид Дбейбаны атаандаштары алып түшүүгө аракет кылышкан.
Ливияда башаламандык 2011-жылы диктатор жетекчиси Муамар Каддафи бийликтен алынгандан бери токтобой келе жатат. 2020-жылдын октябрында ливиялык конфликттеги тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алышкан. 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен убактылуу өкмөт дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Курсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголдуЖол кырсыгына учураган курсанттардын тогузу ооруканада, 12си госпиталда жатат Чек ара кызматы "Достук" аркылуу каттагандарга эскертүү берди"Талибан" Пакистан АКШга аба мейкиндигин колдонууга уруксат бергенин билдирди