Курсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Коргоо министрлиги.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары кабылган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана кызматтык иликтөө жүрүп жатканын 28-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ооруканага жана госпиталга жаткырылгандардын баарынын абалы канааттандырарлык.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта курсанттардын ант берүү салтанаты бул иш-чарага өзгөчө маани берүү максатында алардын жакындарынын катышуусу менен атайын “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөрүлгөнү, ал мыкты деңгээлде уюштурулганы белгиленди.

Ооруканага жактырылган курсанттар тийиштүү жана жетиштүү медициналык көзөмөлдө экени, тезирээк сакайып кетиши үчүн тамак-ашы күчөтүлгөнү, жабыркагандар жана алардын жакындары менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов жолукканы маалымдалды.

Соңку маалымат боюнча, тогуз адам ооруканага түшкөн, дагы 12си аскердик госпиталга жаткырылган. Госпиталдагылар 29-августта чыгарылат.

Окуя 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексинен 300-400 метр аралыкта болгон. Ичинде курсанттар отурган автоунаа комплекстен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн. (RK)

Дагы караңыз

Жол кырсыгына учураган курсанттардын тогузу ооруканада, 12си госпиталда жатат "Талибан" Пакистан АКШга аба мейкиндигин колдонууга уруксат бергенин билдирдиЧек ара кызматы "Достук" аркылуу каттагандарга эскертүү бердиТергөө абагындагы өлүм суроо жаратты