28-августтун аба ырайы

Кыргызстан.

28-августта түнкүсүн Кыргызстан боюнча Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градуска жетет.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 25…27° болот.

Дагы караңыз

БУУнун Запорожье АЭСи боюнча отуруму жыйынтыксыз аяктады Орусияда кыргызстандык мигрант жергиликтүү тургундун колунан каза таптыМиграция азабы: 11 баланы энесиз калтырган өрткө алты жылПрагада кыргыз күүлөрүн жаңырткан жаштар