Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Миграция азабы: 11 баланы энесиз калтырган өрткө алты жыл


Москвадагы басмаканада өрттөн каза болгон 14 кыз-келин.
Москвадагы басмаканада өрттөн каза болгон 14 кыз-келин.

2016-жылы Москвадагы өрттө 14 кыргызстандык кыз-келиндин көз жумганына быйыл 27-августта туура алты жыл болот. Алдына койгон изги тилектерин ишке ашыруу максатында Москвага кетип, өлүмгө дуушар болгон маркумдардын улуусу 45, кенжеси 17 жашта болчу.

Кыздарын илгери үмүт, жакшы тилек менен Ош жана "Манас" аэропортторунан Москвага узаткан жакындары алардын сөөгү салынган табыттарын тосуп алышкан.

Он төрт өмүрдү алган өрткө алты жыл болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00


"Ошол күнү Бишкекке учмак"

2016-жылы 27-августта Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан типографияда өрт чыгып, андан он жети адам ажал тапкан.

Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер эле. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги набыт болгондор өрттөн чыккан иске ууланганын маалымдаган.

Кыял Алабердиева.
Кыял Алабердиева.

Каза болгон кыздардын айрымдары жакындарына телефон чалып, куткарып калууну суранышкан. Курсагында беш айлык наристеси менен кошо жан берген Кыялдын күйөөсү ошол учурда өрт чыккан жерге жетип келгенде кеч болуп калганын айтып берген.

"Эртең менен туруп, тамактанып атсам чалды. Алсам өчүп калды. Кайра чалып эле, "бул жакта өрттөнүп жатат, куткарып кал" деп кыйкырды. Машине менен жетип келсем, өрт өчүргүчтөр да, куткаруучулар да турган экен... Үчүнчү балабыз курсагында эле, беш айлык болчу".

Ысык-Көлдүн Челпек айылынан Орусияга иштегени кеткен Кыял Алабердиеванын кичүү баласы - Айдар ал кезде 1-класска барууга камынып жаткан.

Апасы уулунун мектеп босогосун алгачкы жолу аттаганына күбө болуп, кубанычын бөлүшүү үчүн 27-августтагы нөөмөтүн аяктап, Бишкекке учуп келмек. Кайненеси Зина Өзүбекова "Азаттыктын" кабарчысына буларды айтып берди.

"27синде акыркы нөөмөтүн иштеп, 28инде учак... Беш айлык боюнда бар эле, артында эки баласы калды. Ошол балдарына жаман болду".

29-Август, 2016. Архив видео.

Кыял Алабердиеванын артында калган эки баласы - улуу кызы быйыл 11-класска, уулу 6-класска көчтү. Балдар апасын сагынганда Каракол шаарындагы таежеси Асел Алабердиевага келип, аз да болсо сагынычын жазып кетишет.

"Кантишсин анан, "апама окшошсуз" деп мага келишет. Күчүктөрүм ай, сагынат, куса болушат. Мени жыттап, өпкүлөп, апасын жоктошот. Мурда анча кыйналышчу эмес, чоңойгон сайын көп эстеп, сагынышчу болушту... Жайкы каникулда келип, жанымда болушат. Кыял аябай мээримдүү, жакшы кыз эле, мектепте да жакшы окуган. Менден беш жаш кичүү болчу. Ичээр суусу ошончо эле экен. Үй алсак, балдарды жайгаштырсак деген максаттары бар эле. Атам сиңдим каза болгондон кийин күйүткө чыдабай, тогуз айдан кийин кайтыш болуп калды".

2016-жылы кырсыкта көз жумган маркумдардын улуусу 45, кенжеси 17 жашта болчу. Көпчүлүгү 17-22 жаштагы, турмуш кура элек кыздар эле.

Москвадагы өрттүн кесепетинен 11 бала жетим калган. Ошол убакта энесинен ажыраган балдардын жетөө 12 жашка чыга элек болчу.

Ал кезде өкмөт башчы болуп турган Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда Жогорку Кеңеште маалымат берип, 11 баланын ар бирине депозиттик эсеп ачылганын, алар бул каражатты 18ге толгонго чейин колдоно аларын айтканы кабарланган.

"Чыркыраган үндөрү алигүнчө кулагыма жаңырат"

Архив тасма. 27-август, 2016-жыл. Москва, Алтуфьево


Алты жыл мурдагы өрттө иске ууланып өзүн жоготкон кыздарды чыгарууга жардам берген кыргызстандык мигранттардын бири - Азиз Абдугапар уулу. Ал ошол күнкү окуяны эстегенде көзүнө жаш айланарын айтып отурду.

Азиз Абдугапар уулу (солдон экинчи) башка мигранттар менен чогуу өрттөн кыздарды алып чыгууга катышкан. 27-август, 2016-жыл. Москва.
Азиз Абдугапар уулу (солдон экинчи) башка мигранттар менен чогуу өрттөн кыздарды алып чыгууга катышкан. 27-август, 2016-жыл. Москва.

"Мен ал кезде 20 жашта элем, ошол басмаканада иштечүмүн. Ал күнү жаңы нөөмөткө кирмекмин. Жолдо баратканда эле капкара түтүндү көргөм. Барсам ишкана күйүп атыптыр, алдында кыздар топтолуп, "ичинде дагы адамдар бар" деп, ыйлап атышыптыр. Өрт өчүрүүчүлөргө чалышыптыр, бирок келе элек экен. Эркектердин кийим алмаштыруучу жерибиз 1-кабатта эле, беш-алты бала чуркап, шаты таап келип, бөлмөнүн сырткы айнегин сындырып, он чакты бала менен бир кызды алып чыктык. Ошол убакта кыздар өздөрүнүн кийим алмаштыруучу жеринен кыйкырып жардам сурап атышты. Алардыкы 2-кабатта эле. Балдар менен бир стройканын чатырына чыгып, кыздардын чечинүүчү жайына жетүүгө аракет кылдык. Капкара түтүн каптап, дем алууга мүмкүн эмес болуп жатты. Бир кыз терезеге илинип калган экен, ошол кызды алып түшкөнбүз. Бирок ал дагы ооруканага жетпей каза болгонун кийин уктук".

Азиз Абдугапар уулу.
Азиз Абдугапар уулу.


Азиз кыздардын дээрлик баарын эстеди. Анын ою боюнча, өрт өчүрүүчүлөр ыкчам кыймылдаганда кыздарды сактап калууга мүмкүн болмок.

"Өрт өчүрүүчүлөр картасын карап бир нерсени талкуулап атышты. Мен чатырда туруп алып, "чыгып эртерээк куткарышкыла" деп кыйкырсам, кислород жетпейт деп коюшту. Алардын противогаз жана башка формалары бар эле да. Шашпай туруп алышты эмнегедир.. Ошол кезде деле кыйкырып жардам сураган үндөр угулуп аткан болчу.

18ге толо элек жапжаш көлдүк кыз бар болчу. Биздин Төөлөс айылынан эжелер бар эле - бири жеңеси, бири кайынсиңдиси. Бир көлдүк эже кош бойлуу болчу, ошол күнү "Кыргызстанга кетем" деп жүргөн. Баары сонун эжелер эле... Алигүнчө алардын жардам сурап чыркыраган үндөрү кулагыма жаңыра берет".

Нурай Жумадылова. 17 гана жашта болгон.
Нурай Жумадылова. 17 гана жашта болгон.

Алты жыл мурун өрттө Ноокаттын Төөлөс айылынын эки тургуну - 23 жаштагы Алина Канатбек кызы менен 34 жаштагы Жаркынай Абдуганиева да болгон. Алар Азиздин жердештери болчу. Экөө да кучакташкан боюнча көз жумганын кийин сөөктү алып чыккандар айтышкан экен.

Сөөктөрдү мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн Москвадагы мигранттардын "Төөлөс" коомунун ошол кездеги жетекчиси Кылыч Таалай уулу ошол күндү төмөнкүчө эскерди:

Кылычбек Таалай уулу.
Кылычбек Таалай уулу.

"Кыздар ишке жаңыдан келип, формаларын алмаштырып жаткан учурда өрт чыккан. Алар 2-кабатта болуп, чечинүүчү жайдын эшиги темирден болчу экен, ысыкта ачылбай калыптыр. Биздин айылдан да эки кыз бар эле. Алар ууланып баратканда бири-бири менен кучакташып, кайырлашып кетишкендей. Кийин алардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө да биздин коомубуз жардам берген. Тилекке каршы, быйылкы 14 адамдын өмүрүн алган кырсыкта да биздин айылдык эки жаран дуушар болуп, келинчеги кайтыш болуп кетти, күйөөсү ооруканада".

Өкүм: 2,5-3,5 жылга жатак абакка

Кыргыз өкмөтү өрттөн каза тапкандарга жана жабыр тарткандарга компенсация төлөө боюнча да Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Басмаканада иштеген 50дөн ашык кыргызстандык жарандарга айлыктары төлөнүп берилгени кабарланган.

Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин фондунан кырсыктан набыт болгон кыз-келиндердин ар биринин үй-бүлөсүнө жүз миң сомдон, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Чыныбай Турсунбеков спикердин фондунан жалпы 1 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган. Андан тышкары өкмөттөн, облус жетекчиликтери жана жергиликтүү бийликтерден да акчалай жардам берилгени айтылган.

2016-жылы 29-август президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда "Аза күтүү" күнү деп жарыяланган. Ошол күнү Москвадан 14 кыздын сөөгү салынган эки учак "Манас" жана "Ош" аэропортторуна келип конгон.

Архив тасма. 29-август, 2016-жыл. Бишкек. "Манас" аэропорту.
Он төрт кызын мекен ыйлап тосту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
Ош: кыз ордуна табыт келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:44 0:00
Архив тасма. 29-август, 2016-жыл. "Ош" аэропорту.


2016-жылдын 27-августундагы каргашалуу окуя боюнча Москванын милициясы кылмыш ишин козгоп, “Печатный экспресс” басмаканасынын кожоюну Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковду камакка алган. Аларга басмаканада коопсуздук чараларын сактаган эмес деген айып тагылган.

Дээрлик бир жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин, Москванын Бутурский райондук соту “Печатный экспресс” басмаканасынын башкы директору Сергей Москвинди 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцковду 3,5 жылга жатак абакка кескен. Өкүм 2017-жылы 18-августта чыккан. Орусиянын ТАСС агенттиги сот өкүм чыгарууда басмакана директору күнөөсүн моюнуна алганын, өрт курмандыктарынын туугандарынын өтүнүчүн, аларга моралдык чыгым үчүн компенсация төлөнгөнүн эске алганы кабарланган.

Айыпталуучулардын андан аркы тагдыры тууралуу маалымат жок.

Кайталанган каргаша

Тышкы иштер министригинин маалыматына ылайык, быйыл 20-июнга чейинки аралыкта - чет мамлекеттерде каза болгон 292 кыргызстандыктын сөөгү Бишкек жана Ош шаарларына жеткирилген. Былтыр өлкөгө чет жактан 540 кыргызстандыктын сөөгү алып келинген. Мекенине сөөгү келген маркумдардын дээрлик 90% Орусияга иштегени барган мигранттар.

Орусиядагы ондон ашык мигрантты боо түшүргөн кырсык Алтуфьеводогу басмаканада чыккан өрттөн алты жылдан кийин быйыл, 21-августта кайра катталды. Ульяновск облусунда 21-августта болгон ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алды. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары.

Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу. 21-август, 2022-жыл.
Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу. 21-август, 2022-жыл.

Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам бериле турганы айтылды.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн калган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады

Расмий маалыматтар боюнча ушул тапта Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран иштейт.

"Мигранттын пулу керек, өзүчү?"

Кыргыз бийлиги сыртта жүргөн мигранттардын өлкөсүнө жиберген акчасын санагандан башка колдоо көрсөтө албады деген сын-пикирлер арбын айтылып келет.

2016-жылкы өрт кырсыгынан берки алты жылдык аралыкта мигранттардын абалы жакшырып кеткен жок. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганы да мигранттардын чекесин жылыта албады.

"Төөлөс" коомдук фондунун башчысы Кылыч Таалай уулу мамлекет мигранттардын маселесин чечүүнү алдыңкы орунга коюусу керек деген пикирде:

"Мамлекет аракет кылып жатат. Бирок канчалык аракет кылса да орус бийлиги каалаган учурда кысым-басым кылып жатат. Кыргызстандын Бажы биримдигине киргени да жардам бере албады. Орусия бийлиги менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыркы учурда көйгөй болуп жаткан каттоо маселесин чечип бербесе болбойт. Президенттин мигранттар маселесин Чолпон-Атадагы жыйында да көтөргөнү - бизде үмүт пайда кылды".

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алып, биримдиктеги негизги көйгөйлөрдү атаган. Мамлекет башчы эмгек миграциясы биримдиктеги актуалдуу көйгөй экенин белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдө жумушчуларга тиешелүү шарт түзүү керек экенин билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Чолпон-Ата. 26-август, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Чолпон-Ата. 26-август, 2022-жыл.

“ЕАЭБ органдарында Кыргызстан төрагалык кылып турган учурда, биримдиктин аймагына иштөө үчүн келгендерге тийиштүү шарт түзүү приоритеттүү иштердин бири болмокчу. Буга байланыштуу бул багытта иштөөнү улантуу маанилүү деп эсептейм. Анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү”, - деди Жапаров.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 16% көп. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетуна ылайык, ушул жылдын январь-май айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 1 млрд. 30,4 млн. доллар которулган. Бул сумманын 981,5 миллиону Орусиядан келген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG