Орусияда кыргызстандык мигрант жергиликтүү тургундун колунан каза тапты

ТИМ имараты.

Орусияда кыргызстандык жаран жергиликтүү тургундун колунан каза тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 27-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 26-августка караган түнү Москванын Зеленоград административдик округундагы кафелердин биринде болгон.

Чырдаша кеткен эркектердин бири ок атып, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Ок жеп, каза болгон адам Кыргызстандын 33 жаштагы жараны экени аныкталды. Жараат алган дагы бир кыргызстандык ооруканада жатат.

Кылмыш иши козголуп, шектүү адам кармалды. Ал 38 жаштагы орусиялык жаран экени такталды.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү жеткирилди. (RK)

Дагы караңыз

Миграция азабы: 11 баланы энесиз калтырган өрткө алты жылПрагада кыргыз күүлөрүн жаңырткан жаштарУКМК: Чаткалдан мыйзамсыз казылган алтынды ташып бараткан жетекчи кармалды"Фукусима кайталанышы ыктымал". Запорожье АЭСиндеги кырдаал