Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси Орусияда иштеп жаткан эмгек мигранттарын расмий булактан алынган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды. 24-августта “Азаттык” радиосунун мигранттардын абалына арналган талкуусунда сүйлөп жатып Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев Орусияда мигранттар каттоо боюнча расмий билдирүүлөргө караганда бурмаланган түрдүү маалыматтарга бат ишенип жатышканын айтты.
Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дайыма маалымдоо иштерин жүргүзүп турарын белгилеп, “Элчилик миграциялык каттоо боюнча расмий билдирүү жасады. Бирок көбү ошол билдирүүнүн негизинде иш жүргүзбөй, бурмаланган маалыматка көп ишенип, ушундай жагдайга алып келип жатат” деди.
Букалаевдин айтымында, эгер Кыргызстандын жараны Орусияда мыйзамдуу жүрсө ага бул өлкөнүн чек арасынан чыгып, кайра кирүүнүн кажети жок. Иш келишими болсо ошонун негизинде миграциялык каттоо бир жылга чейин узартылат. Ошондуктан, Букалаев белгилегендей, “дүрбөлөңгө түшпөй, элчиликтин, Тышкы иштер министрлигинин, миграция министрлигинин расмий маалыматына таяныш керек”.
Талкууга катышкан Кыргызстандын мигранттарынын профсоюзунун негиздөөчүсү Гүлнара Дербишова айрымдар тааныш мекендештери аркылуу жасалма каттоого туруп алганын, ошондуктан миграциялык базадан өздөрүн таппай калып, дүрбөлөңгө түшкөнүн белгиледи.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова учурда Орусияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын 50 пайызга жакыны жашаган жеринде эмес, иштеген жеринде катталганын, алар юридикалык дарекке катталгандыктан базадан чыгарылып коюлганын, ошолор “Кирди-чыктыны жаңылоо керек экен, 3-сентябрга чейин жапырт депортация болот экенбиз” деп дүрбөлөңгө түшкөнүн кошумчалады.
Евразия экономикалык комиссиясы Орусияда миграциялык каттоосу бүткөн кыргызстандыктар 3-сентябрга чейин каттоосун кайра узартып же өлкөдөн чыгышы керектигин 23-августта эскертти. Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшүүдө.
21-августта Орусиянын Ульяновск аймагында ошондой белгини койдуруу үчүн жолго чыккан 14 кыргызстандык каза болгон. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланды. Бул окуя кыргызстандык мигранттарга байланышкан оор көйгөйлөрдү козгоду.
Дагы караңыз
Чаплино: Орусия чабуулу жайкын тургундардын өмүрүн жалмадыАлясканы эмес, Түркияны тандап кеткен Памир кыргыздарыЕАЭБ: Садыр Жапаров мигранттарга шарт түзүү маселесин көтөрдүАрмения-Азербайжан лидерлери 31-августта Брюсселде жолугушат