Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:47

ЕАЭБ: Садыр Жапаров мигранттарга шарт түзүү маселесин көтөрдү


Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.
Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды.

Президентти басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, Жапаров эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгилеп, артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду.

"Садыр Жапаров белгилегендей бул багыттагы, анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча ишти улантуу маанилүү" - деп айтылат маалыматта.

Жапаров ЕАЭБде соода жүгүртүүдө дагы деле тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеп, "Жасалган кадамдарга карабастан барьерлер биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода байланыштардын кеңейишине тоскоол болуусун улантууда”, - деди.

Бүгүн 25-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар башталды.

Жыйынга катышуу үчүн кыргыз жергесине Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келишти.

Бүгүн алар президент Садыр Жапаров менен жолугушту, негизги жыйын эртең өтөт. Жыйында интеграциялык маселелер каралат.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Биримдикке мүчө болгону менен Кыргызстан үчүн коңшу Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көйгөй жаралып келери өкмөттө да, парламентте да бир нече жолу айтылган. Айрым серепчилер ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн саясий бирикме экенин белгилеп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG