Англияда машыккан украин аскерлери
Украиналык жоокерлер атышуунун добушу жана жарылуудан пайда коюу түтүн алдында "калктуу пункттун" жанында машыгып жатышат. Бул жерде мурда британиялык жоокерлер Түндүк Ирландиядагы операцияга катышуу үчүн машыгышкан.
Бириккен падышалыктын төрт базасында өтүп жаткан окуу миссиясына миңдеген британиялык аскерлер да катышууда. Аскерлер украиналыктарга аскердик тажрыйбасын үйрөтүүдө. Аскердик тажрыйбасы менен Скандинавия өлкөлөрүнөн, Канада, Нидерланд жана Жаңы Зеландиядан келген инструкторлор да бөлүшүп жатат.
Украиналык жоокерлер жөө аскерлерди даярдоонун кыска курсун окуп жатышат. Аларды курал кармоону, биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, шаарды кайтаруу тактикасын жана согуш мыйзамдарын окуп жатышат.
"Эң маанилүүсү - көчө кармаштарын жүргүзүүгө окутуу, анткени бул эң опурталдуу", - дейт мурдагы айти адиси Сергей. Ал коопсуздукка байланыштуу фамилиясын атагысы келген жок. "Британ инструкторлору Иракта жана Ооганстандагы согушка катышкан тажрайбалуу адистер. Биз көргөн-билгенибизди орусиялык армиянын кол салуусунан коргонууга колдонобуз".
Инструкторлор жаңы келгендерди согушууга жөндөмдүү жоокерлерге айландырууга аракет кылышууда. Алгачкы контингент өткөн айда келген. Алар учурда алсырап калган украиналык күчтөргө жардам берүү үчүн майданга жөнөп кетишти.
"Биз жаңы келгендерге жөө аскерлер үчүн керектүү базалык курстарды өткөрүп жатабыз. Аларды таамай атканга, кандай тактикалык кырдаал болбосун алдыга жылууга жана сүйлөшүүгө, медициналык жардам көрсөтүүгө абдан жакшы окутуп жатышат", - дейт шотландиялык гвардиянын офицери Крейг Хаттон.
Хаттон көптөгөн украиналыктардын аскердик тажрыйбасы аз экенин белгиледи. Ошол эле учурда "Алар өтө шыктанып алышкан. Аларда окууга, тажрыйба, тажрыйба жана дагы тажрыйба топтоого каалоо күч" деп кошумчалады.
Британия украиналык армияга аскердик жардамдын алкагында 2,3 миллиард долларлык жаңы формаларды, бронежилет, каска өңдүү экипировкаларды, танкка каршы ракеталарды жана ракеталык жабдууларды жөнөтүп жатат.
Захар мурдагы инженер. Ал Украинада кан күйүп жатканда алыста жүрүү оор экенин айтууда.
"Мен ата-энемди таштадым. Мен ага-инилеримди, эже-карындаштарымды, туугандарды билим жана тажрыйба алуу үчүн таштап келдим. Үйрөнгөнүмдүн биздин аймакты баскынчылардан бошотууга кереги тиет" дейт.
Мурда айти адиси болуп иштеген Сергей аскердик форманы бир айга жетпеген убакыттан бери кийип жүрөт. Ошого карабай чечкиндүү.
"Мен украиналык жоокерлер өз үйүн коргоп өлүп жатканын билем. Алар менен бирге согуша албаганым өкүнүчтүү. Украиналык армияга дасыккан жоокерлер керек, чыныгы кармашка даяр болуш үчүн дитимди коюп машыгуудан баш тартпайм", - дейт ал.
Окуу британиялык армиянын бригадалык генералы Жастин Стенхаус жетекчилиги алдында өтүп жатат. Ал шаардагы башаламан кармашка машыгуу учурунда даярдоо мүмкүн эместигин моюнга алат. Анын айтымында, машыгуунун максаты - украиналыктарды согуштун алгачкы жумасына адаптациялоо.
"Согуштун алгачкы жумасында алар биз бул жерде үйрөткөндөн көп нерсени көрүшөт", - дейт ал.