Эгемендик күнү Украинанын 58 калктуу конушу аткылоого кабылды

Орусиянын аскерлери жасаган чабуулдардын кесепети.

24-август - Украинанын эгемендик күнүндө Орусиянын аскерлери Украинанын 58 калктуу конушун аткылады. Бул тууралуу украин ички иштер министринин биринчи орун басары Евгений Енин билдирди. Ал буга чейинки убакыттарга салыштырганда эгемендик күнү чабуул көп болгонун, андан ондогон адам өлүп, жайкын тургундар жаракат алганын айтты.

Орусиянын армиясы 24-августта Украинанын Днепропетровск облусундагы Чаплино айылына урган ракеталык соккудан 25 киши набыт болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин эгемендик күнү Орусиянын күчтөрү чабуулдарын күчөтөрүн эскертип, аскерлерди жана калкты ошого даяр болууга чакырган.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денафикациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

24-августта Орусия Украинага басып киргенине толук жарым жыл болду.

Дагы караңыз

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталдыКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негиздемеси бир жылдан кийин даяр болору айтылдыОрусияда укук коргоочу Игорь Каляпинге кол салуу болдуКыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келиштиАлбанияда тыңчылыкка айыпталган Орусия жана Украина жарандары камакта калтырылдыЧаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жетти