Бишкекте сегиз батир, эки үй күйүп кетти

Бишкектеги өрт. 25-август. 2022

25-августка караган түнү саат 03:30 чамасында Бишкектин Ленин районунун Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыгып, ал жанаша турган эки үйгө өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, батирлердин жанындагы мансард үйдүн экинчи кабатынын үч бөлмөсү, чатыры менен толук күйүп кеткен. Биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбын өрт чалган. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү 3 бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын унаасы тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 8ден өтүп өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 300 чарчы метрди түзөт. Маалыматка караганда, жабыркагандар жок. Чыгымдын суммасы эсептелине элек.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өткөн айда жыл башынан бери катталган кырсыктардын басымдуу бөлүгү өрткө байланыштуу экенин билдирген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктарда 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)

Дагы караңыз

Чаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жеттиБеларус Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тарттыКумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилдиЧолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" I Жаштар форуму өтүп жататАКШ Украинанын аймактарында жасалма референдумдар болорун эскертти