Словакияда өткөн триатлон боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык көзү азиз спортчу Жалалдин Абдувалиев алтын медаль утканы тууралуу маалымат дүйнөлүк федерациянын расмий сайтына жарыяланды. Анда айылгандай, турнир Шаморин шаарында 18-21-август күндөрү өттү.
Абдувалиев Мырзабек Орумбаевдин коштоосунда 5 саат 29 мүнөт 38 секунда ичинде 2 километр аралыкты сууда сүзүп, 80 километрди велосипед тээп жана 18 километрди чуркап өтүп, баарынан алдыга чыкты. Ошентип, PTVI категориясында ал 1-орунду ээлеп, алтын байге утуп алды.
29 жаштагы Жалалдин Абдувалиев Жалал-Абад шаарында туулуп-өскөн. Кыргызстандын Триатлон федерациясына 2016-жылы мүчө болгон. (RK)
Дагы караңыз
Өзгөндө террордук уюмдун активдүү мүчөсү деген эки адам кармалдыСадыр Жапаров кызматтык батир мугалим-дарыгерлерге эмес, УКМКга берилип жаткан себебин айтты Украина: кан күйгөн согушка жарым жылКолдошев музыкалык окуу жайдагы кылмыш иши жөнүндө түшүндүрдү