Америкалык аскерлер Сириянын Дейр-эз-Зор шаарындагы Ирандын “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун” куралдуу күчтөрү пайдаланган объектилерге сокку урганын маалымдады.
Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө, бул соккулар Иран колдогон топтордун американын күчтөрүнө жасалчу чабуулдарынан коргоо үчүн жасалды.
“Бүгүнкү соккулар АКШнын өздүк курамын коргоо үчүн зарыл болду”, – деп жарыялады Борбордук командачылыктын өкүлү, полковник Жо Буччино.
Ал сокку президент Жо Байдендин тапшырмасы менен аткарылганын кошумчалап, андагы курмандыктар жана башка жоготуулар тууралуу маалымат айткан жок.
Буччино соңку соккуну америкалык аскерлерге жасалган 15-августтагы чабуулдарга жооп деп атады. Өткөн аптадагы чабуулда Иран колдогон жоочулар коё берген учкучсуз учактар америкалык күчтөр пайдаланган Аль-Танф гарнизону аткылаган. АКШнын Борбордук командачылыгы чабуулдан курмандыктар катталбаганын жана олуттуу чыгым болбогонун маалымдаган.
Сириядагы 2011-жылы башталган жергиликтүү каршылыктар көп тараптуу жана көп деңгээлдүү жарандык согушка айланып кеткен. Андагы тараптарды колдогон ондогон өлкөлөр конфликтке аралашып, согуш ушул күнгө чейин созулуп келет. (ErN)
Дагы караңыз
Канттагы орус базасы күжүрмөн даярдыгын күчөтүп жатканы кабарланды Украина согуштун фонунда Эгемендик күнүн белгилеп жататNASA Ай программасынын ракеталары учууга даяр болгонун маалымдадыЗеленский: Крымды эч ким менен кеңешпей эле кайтарып алабыз"Кумтөрдүн" жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды