Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

NASA Ай программасынын ракеталары учууга даяр болгонун маалымдады


SLS ракетасы Канаверал космодромунун старттык аянтчасында.
SLS ракетасы Канаверал космодромунун старттык аянтчасында.

АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) Айга учууга ылайыкташкан өтө оор SLS ракетасы биринчи стартка даяр болгонун маалымдады. Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысынын орун басары, астронавт Боб Кабана атайын брифингде кабарлады.

“Орион” кемесин космоско алып чыгарчу ракетаны учуруу 29-августта Флоридадагы Канаверал космодромунда аткарылат деп пландалган. “Америка добушу” кабарлагандай, кошумча дата катары 2-5-сентябрь күндөрү белгиленди.

Учуунун максаты - дүйнөдөгү эң кубаттуу ракета деп саналган SLS ракетасын сыноо. Ал кийин астронавттарды айга алып чыгышы керек. Бул жолку учуусунда ал алып чыккан кеме Айдын орбитасында алты апта жүрүп, кайра жерге кайтып келет.

Миссия ийгиликтүү болсо астронавттар Айдын орбитасына 2024-жылдын экинчи жарымында учат. Андан бир айдан кийин айга конуучу миссия жөнөтүлөт. Акыркы жолу адам 1972-жылы "Аполлон-17" кемеси менен айга учкан.

АКШнын өкмөтү каржылаган айга адамдарды дагы жөнөтүү боюнча NASA агенттигинин космостук программасы "Артемида" деп аталат. Ага америкалык жеке компаниялар, Европанын космостук агенттиги, Жапония, Канада, Австралия, Улуу Британия, Италия, Бириккен Араб Эмираттары, Люксембург жана Украина катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG